Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Ысык-көлдүк фермерлер Германиядан билим алып келишти (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун фермерлери Германиядан тажрыйба алмашып, билим алып келишти. Бул тууралуу Ак-Суу районундагы «Рейна-Кенч» мал чарбасынын башчысы Аскар Жаныбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунун фермерлери Германиянын GIZ фондунун каржылоосу менен «Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү» программасынын негизинде билим алып келишти.

Фермерлер сапаттуу эт өндүрүү, малды тоюттандыруунун эффективдүү жолдору, жайыт жерлерди рационалдуу пайдалануу жана тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу  боюнча билим алышты.

«Долбоордун максаты фермерлерге сапаттуу эт ңөндүрүүнү гана үйрөтпөстөн, талаачылык, экономика, жайыт маселелери боюнча билим берүү болуп саналат. Биз чарбаларды кыдырып, жаңы заманбап курулуштарды көрдүк. Ушул күндөрү ал жакта айыл чарба техникасынын дүйнөлүк көргөзмөсү да болуп жаткан экен. Аны көрүп, генетикалык борбордо өсүмдүк өстүрүү жана уй багуу боюнча жаңы технологияларды, алдыңкы үрөндөрдү, асыл тукум малдарды көрүп келдик. Эми фермерлер ал жактан алган билимдерин башка дагы фермерлерге жеткирип, анын аркасы менен айыл турмушунун деңгээлин жогорулатууга салым кошушат деп ишенебиз», - дейт ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1472
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×