Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Бостери айылындагы мектептин директорунун кызматтан бошотулушу нааразычылык жаратты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы мектептин директорунун жумушунан бошотулушу нааразычылык жаратты. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынан бери Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейдин директору Жаныш Сулайманов Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абировага даттанып келет.

Анын айтымында, Д.Абирова аны кызматынан мыйзамсыз бошоткон.

«2005-жылдан бери аталган мектепте эмгектенем. Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы экөөбүздүн ортобуздагы негизги маселе 2016-жылы биздин мектеп ысык тамак берүүгө өткөндө башталды. Ошол мезгилден бери ал бул системага кийлигишип келет. Мамлекет тарабынан бир баланы ысык тамак менен камсыз кылууга күнүнө 7 сом бөлүнөт. Ал тендердин иштерине кийлигишүүлөрүнүн кесепетинен бизге чириген картошка, пияз жана башкаларды алып келишчү. Акыркы жолу 800 килограмм картошка алсак, анын 170 килограммы тамак-аш жасоого жараксыз болуп калды. Ошондой эле, жогорку баада алынып келди. Картошка базарда 17 сомго сатылып жатканда бизге 25 сомго алып келишти. Кумшекердин 1 килограммы базарда 45 сомдон сатылып жатканда бизге 57 сомго алынды. Ошондуктан бул боюнча анын өзүнө тендер кандай өткөнүн билүү үчүн кайрылдым. Ал маалымат берүүдөн жана түшүндүрүүдөн баш тартты. Аргасыздан аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө, акимиятка, облустук билим берүү бөлүмүнө, прокуратура жана башка органдарга бул маселени кароо боюнча өтүнүч кат жөнөттүк. Бирок тиешелүү жооп келбегендиктен эч кандай чара көрүлбөй, социалдык түйүн аркылуу кайрылуу жасадым. Ал менин видео кайрылуу жасагандыгыма байланыштуу кызматымдан бошотуп жана буга чейин да сөгүштөр болгонун айтты. Бирок анын сөгүш жарыялаганын эч ким угуп, көргөн эмес. Менин эмгек китепчемде да сөгүш тууралуу жазылган эмес», - деди Ж.Сулайманов.

Аталган маселе боюнча Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейдин жамааты, ата-энелер комитети кечээ, 12-декабрда мектептин имаратына чогулуп жана тиешелүү органдардан абалды жөнгө салууну талап кылышты.

«31-августка карата демөөрчүлөрдүн бири биздин райондогу ар бир мектепке жардам катары 10 миң сомдон берген. Бирок райондук билим берүү бөлүмү ар бир мектептен 8 миң сомдон алган. Мындан тышкары, эсептөө палатасынан текшерүү келээрин айтып, мектептен акча талап кылышат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн мындай ишин кантип түшүнсө болот? Ата-энелер тиешелүү органдар мыйзамдын чегинде бул абалды жөнгө салуусун талап кылабыз. Аталган маселе жергиликтүү кеңештин сессиясында көтөрүлгөн. Топтолгон материалдар мындан 1,5 ай мурун башкы прокуратурага жиберилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок. Кечээ Абирова Х.Жээнбаев атындагы мектептин мугалимдерин ага каршы чыккандарды жумуштан бошотом деп коркуткан. Мындай адам менен иштөө мүмкүн эмес. Ал өзүнүн иш-аракети менен окуу процессин үзгүлтүккө учуратып жатат», - деди жергиликтүү кеңештин депутаты Замир Учкурткаев.

Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Абирова мектептин директору менен болгон окуя боюнча айтып берди.

«Ар бир жетекчи кол алдында иштегендер менен эмгек келишимин түзөт. Мен да ушул жылдын ноябрь айында эмгек келишими бүткөндүгүнө байланыштуу биздин райондогу 2 мектептин директорун ээлеген кызматынан бошоттум. Ошол мезгилден бери алар ар кандай инстанцияларга кайрылып башташты. Бул убакта дагы 2 директор окуучулардын жетишкендиги төмөндөп кеткендиктен сөгүш алган.

Аларга кийинки жылы эмгек келишими узартылбашы мүмкүн экени эскертилген. Директорлор кызматтарында калуу үчүн мени кызматымдан алуунун жолун издеп башташты. Алар биздин билим берүү бөлүмүнө иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Эки жумадан бери бизди райондун жана облустун прокуратурасы текшерүүдө.

Ж.Сулайманов ушул жылдын 2-декабрында социалдык түйүнгө видео кайрылуу жарыялаган. Анда менин коррупционер экенимди айтып, менин намысыма шек келтирди. Кечээ андан эмне үчүн буга чейин мага келип, бул көйгөй тууралуу айтпаганын сурадым. Ал кыйкырып, мени уккан жок. Ошондой эле, ал райондук коллегияда мени кызматымдан алдыртарын айтты.

л эми, тендерди мен өткөрбөйм. Билдирмени мектептин директору өзү берет. Жалпы тендерди райондук билим берүү бөлүмү жарыялап, тендердик комиссияны дайындайбыз. Бардык материалдар порталга жүктөлгөндөн жана тендер өткөрүлгөндөн кийин биз жеткирип берүүчү менен келишим түзөбүз. Эгер ага алынып келген продукция жакпаса, ал баш тартса болот. Ал картошка жеткирилгенден кийин кимдир бирөөнүн айтымында акт түзгөн. Эмне үчүн ал продукцияны өзү кабыл албайт? Эгер ал бардыгын көзөмөлдөбөсө анда мындай жетекчини кармагандын кереги барбы? Ошондуктан аны жумушунан бошоттум», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2263
Көп окулду
×