Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көл районунда рейд учурунда мас абалда унаа башкарган 13 айдоочу аныкталды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун аймагында 6-декабрдан 12-декабрга чейин «Рулда» рейди өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы Тимур Кадыровдун айтымында, мындай рейд жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган 257 айдоочуга протокол түзүлдү. Анын ичинен мас абалда унаа башкарган 13 айдоочу аныкталып, унаалары атайын токтотуучу жайга киргизилди. Мындай рейд райондун аймагында улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 441
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×