Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү бала бакчанын директору балдар жерге уктап, туруп алып тамак ичкенин четке какты (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы №4 бала бакчаны райондук администрация тарабынан түзүлгөн комиссия текшерүүгө алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин бул бала бакчада эмеректер жок болгондуктан балдар жерге укташары жана туруп алып тамактанары интернет булактарына жарыяланган.

Атайын түзүлгөн комиссия аталган айылдагы бала бакчада болуп, жеринде текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында 115 орундуу бала бакчада 5 тайпа бар экендиги жана 6 тарбиячы, 4 жардамчы эмгектенери аныкталган. Ошондой эле балдарга түшкү тамактан кийин (полдник) швед столу уюштурулуп, чай берилери жана эртең мененки тамак менен түшкү тамак ашканда берилери аныкталган.

Ал эми бала бакчанын башчысы Наталья Пустохинанын айтымында, бала бакчада эмеректер жок деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Биздин бала бакча 1955-жылдан бери иштейт. Григорьевка айылында 6 миңге жакын адам жашайт жана бала бакчага барчу балдардын саны 1 миңден ашат. Бала бакчада учурда 145 бала тарбияланат. Бизде жабыктардын баары жетиштүү, кампада дагы керебеттер, столдор турат. Балдарды өз алдынча болууга, эркин жүрүүгө үйрөтүү максатында түштөн кийинки тамакты (полдник) туруп ичүүгө шарт түзгөнбүз. Мындай методду колдонуу атайын семинарларда дагы сунушталган. Бул балдарга дагы абдан ыңгайлуу, ошондуктан бизде көп жылдан бери ушундай метод колдонулат. Ал эми эмеректер бизде толугу менен жетиштүү. Мындай абалды ата-энелер туура эмес түшүнүшкөндүр. Бизде эмеректердин жетишсиздиги эмес, бала бакчанын тардыгы чоң көйгөй болууда. Учурда балдарын бала бакчага берүүнү каалагандар көп, биздин бала бакча ага тардык кылат», - деди директор.

Комиссия 1955-жылдан бери иштеп келген бала бакча бардык талаптарга жооп берерин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1139
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×