Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.12.2017 13:01

Ырчы жана манасчы Ширин Сарыгулова Ысык-Көлгө келин болду (фото)

Turmush -  Ырчы, актриса жана манасчы Ширин Сарыгулова турмушка чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына ырчы өзү билдирди.

Маалым болгондой, Жумгалдын кызы 12-декабрда Максат аттуу жигитке турмушка чыккан. Анын жолдошу Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынан болот. Театр тармагында билим алып, учурда чыгармачылык менен алектенет.

Максат менен Ширин акыркы 12 жылдан бери тааныш болуп жүрүшкөн.

«Максат менин чыгармачылыгымды колдоп, "мындан ары арка жөлөгүң, аска зооң болом" деп келет. Мен чыгармачылыгымды таштабайм. Үйлөнүү үлпөт тоюбуз 21-декабрда белгиленет», - деди Ш.Сарыгулова.

Тема боюнча: Эл ичи — өнөр кенчи: Ырчы, актриса, дастанчы, тамада Ш.Сарыгулова Суусамырда чоңойгон (видео)

Айыл турмушу: Манасчы Ш.Сарыгуловадан жаңы эмгек (видео, фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×