Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Ысык-көлдүк жол коопсуздугун камсыздоочулар биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүп жатышат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүп жатышат. ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Улуттук Кызыл жарым ай коомунун ортосундагы макулдашууга ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлеринин арасында жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлгөнгө чейин биринчи жардам көрсөтүү боюнча окутуулар жүргүзүлүүдө.

Ысык-Көл ОИИБдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кызматкерлер биринчи жардам көрсөтүүнү билиши керек. Анткени алар көпчүлүк мезгилде жол транспорт кырсыгы учурунда жабыркаган адамдар менен иш алып барат. Кызыл жарым ай коомунун машыктыруучулары жабырлануучуну алкачкы текшерүүдөн өткөрүү, калыбына келтирүү абалы, омуртканын жаракаты, жүрөк-өпкөнү жандандыруу, кан агуу, күйүк, өзүн жоготкон адамды ташуу темалары боюнча окутууларды өткөрөт.

«Акыркы учурда аталган аймакта жол транспорт кырсыктан көз жумгандардын саны өстү. Айрым учурларда тез жардам кызматы келгенге чейин кырсык өлүм менен коштолот. Ошондуктан, аталган иш-чара облустун унаа жолдорунда өлүмдүн санын кыскартуу максатында өткөрүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1195
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×