Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.12.2017 21:01

Бостериде 16 млн сомго курулган стадион ачылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылында стадион ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Стадиондун ачылыш аземине өкмөттүн облустагы өкүлү баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Жаңы стадиондо мындан ары футбол боюнча мелдештер өткөрүлмөкчү.

Курулуш иштерине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 16 млн сом жумшалып, курулуш иштери 3 жыл аралыгында бүткөн. Бостери айылында 16 футболдук команда бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×