Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Россия, Казакстанга каттаган ысык-көлдүк багбандар документтер 15 миң сомго жасалганына нааразы (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун багбандары Россия, Казакстанга алма, алмурут ташууда документтердин чыгымы 15 миң сомго жетип жатканына нааразы. Бул тууралуу алар облустук чогулушта билдиришти.

Алардын айтымында, Ысык-Көл облусунан 40ка чукул унаа Казакстанга алма ташып иштейт. Алар чек арага жеткиче эле бир унаанын айдоочусу 15 миңдей сомду документ топтоого жумшайт. Мурда документке 500 сом гана жумшалчу.

Багбандардын бири Замир Абдылдаевдин айтымында, 8 тонна алма ташыган унаалардын тапкан кирешеси документ топтоого гана кетип жатат.

«Фитосанитардык эл аралык товар транспорттук документин көлдөн албай, "Дордой-Моторс" базарынан алабыз. "Дордой-Моторс" менен Казакстандын "Алтын-Ордо" базарынын келишими бар. Мурда 500 сом болсо, азыр 5 тоннага чейин 11 миң сом, 5 тоннадан өйдө 15 миң сомго чейин төлөйбүз. Андан сырткары, жолго кеткен май, тамак-аш болуп, тапкан киреше жолдо эле калып жатат. Биз чогулуп, тийиштүү жетекчилерге кайрылалы деп жатканбыз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×