Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Фото - Өзбекстанга берилген Ысык-Көлдөгү «Рохат НБУ» пансионаты

Turmush -  Кыргызстан Ысык-Көл облусундагы 4 пансионат жайгашкан жер тилкелерди Өзбекстанга убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу чечим кабыл алды.

Turmush басылмасы 2016-жылы Кыргызстандын балансына өткөрүлүп берилип жана аты «Алтын жай» деп өзгөртүлгөн «Рохат НБУ» пансионатынын аймагын жана объектилеринин сүрөттөрүн жарыялайт. Пансионат Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында, негизги жолго жакын жерде жайгашкан.

Пансионаттын директорунун орун басары Тынчтык Окенаевдин айтымында, убагында пансионат абдан жакшы иштеген. «Биз 2016-жылы жайында иштеп баштаганбыз. Бирок мурунку мезгилдерге караганда эс алуучулар аз болгон. 2017-жылы жайында эс алуучулар жетиштүү болуп, 20-25 күн бош орун жок болду», - деди ал.

Пансионаттын аймагы 19 гектарды түзүп, ал жерде негизги 3 корпус жайгашкан. Бирок имарат 50 жыл мурун курулгандыктан аны капиталдык оңдоодон өткөрүү керек. «Имараттын курулганына 50 жыл болду, канализация системасын жаңылоо зарыл. 2010-жылы корпустун 3-кабатын кыргызстандык балдар ижарага алган (5 жылга, 2010-2015-жылдар). Алар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңы эмеректерди алып,сантехниканы жаңылашкан. Алар келишимди «Рохат НБУ» пансионатынын мурунку жетекчилиги менен түзгөн. Бирок учурда бөлмөлөрдүн абалы жакшы эмес. Анткени эски канализация системасынан суу чыгып, дубал жана шыпты бузуп жатат. Имаратта нымдуулук бар. Калган 4 кабат да ушундай эле абалда», - деди ал.

Тынчтык Окенаев белгилегендей, Кыргызстан тарап пансионатты өткөрүп алгандан кийин жетекчилик шарт түзүүгө жана аны жакшыртууга аракет кылган. Негизги корпустун 5-кабатынын жумшак эмеректери жана ашканасы жаңыланып, кичи футбол аянты курулган. Бирок учурда жасалган иштер туристтерди жана Кыргызстандын башка аймактарынан келген эс алуучуларды тартуу үчүн жетишсиз.

«Бизге пансионат кайра Өзбекстан тарапка ижарага берилип, алар 3 же 4 жылдыздуу пансионат жана отелдерди курушаарын айтышты. Имараттарды оңдоп түзөөдөн өткөрүшөт экен. Албетте эгер алар убада кылгандарын аткарышса жакшы болот. Жыл өткөн сайын эс алуучулар жакшы шарттарды талап кылып жатышат. Биздин булардын бардыгын жасоого азырынча күчүбүз жетпейт. Негизги корпустун калган кабаттарындагы бөлмөлөрдө эмеректер СССР убагынан бери жаңылана элек. Жеке үйлөр, кичи пансионаттар биздикинен жакшы шарттарды сунушташат. Ошондуктан атаандаштык көп, демек бул пансионатка талап күчтүү деле эмес. Бул жерде кызматкерлердин 80%ы Кыргызстандын жергиликтүү жарандары, демек, биздикилер жумуш жана маяна менен камсыз болот деп айтып жатышат», - деди ал.

Учурда пансионат «Чыгышэлектро» ачык акционердик коомуна 15 млн сом карыз. Соттун чечими менен аталган карызды «Рохат НБУ» пансионатынын мурдагы жетекчилиги төлөшү керек. Бирок азырынча акча мекеменин кассасына түшө элек.

Жайында туристтик сезон учурунда ал жерде 100дөн ашык жергиликтүү тургун эмгектенет. Аны жылдын бардык мезгилинде иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар. 2001-жылдары 25 метрлик бассейн салынгандан кийин башка курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, пансионаттын башка имараттарына кирүүгө тыюу салынган мөөр басылып калгандыктан аларды көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1431
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×