Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Өзбекстанга берилген «Дилором» пансионатынын аймагына жаңы VIP-коттедждерди курууга болот (фото)

Turmush -  Кыргызстан Ысык-Көл облусундагы 4 пансионат жайгашкан жер тилкелерди Өзбекстанга убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу чечим кабыл алды.

Turmush басылмасы 2016-жылы Кыргызстандын балансына өткөрүлүп берилип жана аты «Энесай» деп өзгөртүлгөн «Дилором» пансионатынан фоторепортаж жасады.

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы «Дилором» пансионаты 23 гектар жерди ээлейт. Анын аймагында жаңы пансионат курууга аянт бар. Бул тууралуу пансионаттын директору Акжол Атаев билдирди.

Анын айтымында, пансионат бир нече корпустан турат. «Пансионат 1974-жылы курулган. Анын аймагынын жарымы бүгүнкү күндө бош турат. Ошондой эле, парк-пляж тилкеси бар. Пансионат СССР мезгилиндеги талаптар боюнча салынган. Ал эми, учурда талаптар башка, пансионатты жаңылоо керек. Эс алууга келгендердин көбүнчөсү шарттарды көрүп, жеке секторлорго кетишет. Суу түтүктөрүн жана канализация системасын жаңылоо зарыл», - деди ал.

Пансионат Кыргызстан тараптын башкаруусунда болгон 2 жылдын ичинде сугаруу системасы калыбына келтирилип, жууркан-төшөктөр, матрацтар толугу менен алмаштырылды. Бирок эмеректер эски. Бул аймакка VIP-коттедждерди курууга мүмкүнчүлүк бар. Коттедждердин корпустарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарыл.

«Мунун баары көп каражатты жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Эки жыл аз убакыт. Биз бардык системаны жөнгө салуу үчүн колубуздан келген мүмкүн болгон бардык нерсени жасоого аракет кылдык. Албетте, шарттар жакшы болуп, эс алуучулар тейлөөнүн сапатына канааттануусун каалайбыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1204
Көп окулду
×