Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жылына 25 миң көчөт саткан И.Куликовдун үй-бүлөлүк бизнеси (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын 60 жаштагы тургуну Иван Куликов мөмө-жемиштердин көчөттөрүн өстүрүп, аларды сатуу менен алектенет. Аймактык кабарчы элеттик дыйкандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, бул ишкердикти өнүктүрүүгө ага эки уулу жардам берип, үй-бүлөлүк ишкерчилик кылышат. Жылына Куликовдордун үй-бүлөсү 25 миңге жакын көчөттөрдү сатышат. Алар базарда 250 сомдон сатылган көчөттөрдү 150 сомдон сатууда.

«Жалпы 3 гектар жерибиз бар. Бирок, эки гектарына көчөт отургузуп, калган бир гектарын эс алдыруу үчүн буудай, арпа өстүрөбүз. Ошентип, жылда бир гектарын эс алдырабыз. Бакчада алманын 40тан ашык сортун өстүрөбүз. Алмуруттун 8, кара өрүктүн 4, алчанын 3, карагаттын 5 сорту бар. Аны менен бирге абрикостун 6 сортунун көчөттөрү сатылат», - дейт багбан.

И.Куликов 6 кишини иш менен камсыз кылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1137
Көп окулду
×