Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 20.12.2017 15:13 Жаңыланды: 20.12.2017 16:39 На русском

Фото - Корумдуда жол кырсыктан 8 адам жабыркап, төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат (толукталды)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Корумду айылынын аймагында 2 унаа кагышып, 8 адам ар кандай деңгээлде жаракат алды. Алардын төртөө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Turmush басылмасынын кабарчысы кырсык бүгүн, 20-декабрда саат 10:00 чамасында Балыкчы—Каракол жолунун 100-чакырымында болгонун билдирди.

Маалым болгондой, «Ауди 100» (мамлекеттик номуру B 2982 P) үлгүсүндөгү унааны Темир айылынын 1988-жылы туулган тургуну Т.Бакыт башкарып бара жаткан. Ал эми, «БМВ 520» (мамлекеттик номур B 4678 V) унаасы ушул эле айылдын 1989-жылы туулган тургуну М.Азаттын башкаруусунда болгон.

Turmush басылмасы тактаган маалыматтар боюнча, окуядан кийин ооруканага 8 адам жеткирилген.

Алар:

- 1967-жылы туулган Т.Ж., (хирургия бөлүмүндө);

- 1958-жылы туулган А.З., (хирургия бөлүмүндө);

- 1989-жылы туулган М.А., (хирургия бөлүмүндө);

- 1966-жылы туулган М.С., (жандандыруу бөлүмүндө);

- 1998-жылы туулган Э.Н., (жандандыруу бөлүмүндө);

- 1960-жылы туулган Р.Г., (жандандыруу бөлүмүндө);

- 25-30 жаштар чамасындагы эркек киши (жандандыруу бөлүмүндө);

- 2001-жылы туулган Ш.Т.амбулатордук жардам алган.

Жүргүнчүлөр баш мээсинен, башынан жана денесинен жаракат алышты. Жол кырсыкка байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×