Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.12.2017 15:50

Корумдуда жол кырсыктан жабыркаган айдоочу ооруканада көз жумду

Turmush -  Ысык-Көл райондук ооруканасында Корумду айылындагы жол-транспорт кырсыктан жаракат алган 8 адамдын бири бүгүн, 21-декабрда көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган жабырлануучу Т. саат 10:00 чамасында көз жумду. Анын абалы өтө оор деп бааланып жаткан. Дарыгерлер бейтапты текшерип көргөндөн кийин баш сөөгүнөн, мээсинен, көкүрөгүнөн жаракат алганын, саны жана эки балтыры тең сынып, 4-даражадагы травмалык шок алганын аныкташкан.

Такталган маалыматтарга караганда, ал «Ауди 100» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан.

Жабырлануучулардын 21-декабрга карата абалы:

- 1967-жылы туулган Т.Ж., абалы туруктуу оор;

- 1958-жылы туулган А.З., туруктуу оор;

- 1989-жылы туулган М.А., орто оор;

- 2001-жылы туулган Ш.Т., орто оор;

- 1966-жылы туулган М.С., өтө оор, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат;

- 1998-жылы туулган Э.Н., өтө оор, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат;

- 1960-жылы туулган Р.Г., өтө оор.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районунун Корумду айылында жол-транспорт кырсыкта 8 адам жабыркап, алардын жетөө ооруканага жаткырылганын маалымдаган. Кечээ, 20-декабрда саат 10:00 чамасында Балыкчы—Каракол жолунун 100-чакырымында «Ауди 100» (мамлекеттик номуру B 2982 P) жана «БМВ 520» (мамлекеттик номур B 4678 V) үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×