Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Мышык тамыр өстүргөн ысык-көлдүк дыйкандар 1 млн сомдон ашык киреше табышат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун дыйкандары мышык тамыр өстүрүп, ар бир гектарынан 25 миң килограммга чейин түшүм алышат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн алдындагы бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеши маалымдады.

Маалыматка караганда, дыйкандар мышык тамыр сатуу менен 1 миллион сомдон ашык киреше табышат.

«Ысык-Көл облусундагы фермердик чарбалар мышык тамырдын дары чөбүн (валериана) агротехникалык эрежелерге ылайык өстүрүү менен жетишерлик түшүм алышат. Ар бир гектардан 10-25 миң кг чейин түшүм алышат. Мындай түшүмдөн өткөн жылы 45 миң сомдон 1 млн 125 миң сомго чейин пайда түшкөн. Аны өстүрүүгө жалпы 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин чыгым кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Мышык тамыр (валериана) – тамыры кыска, сабагы түз, цилиндр сымал өсүмдүк. Гүлдөрү майда, жыттуу, сабагынын чокусунда кол чатырдай чоң топ гүлү бар. Токойлордо, суу өрөөндөрүндө, талаада, бадал арасында өсөт. Азыр колдо өстүрүлөт. Дары катары тамыры, тамыр-сабагы колдонулат. Аны жайдын аягында жана күзүндө чогултуп алышат.

Мышык тамыр организмге пайдалуу. Ич түйүлгөндү жазып, ич көпкөндү токтотуп, жүрөктүн иштешин жөнгө салат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2238
Көп окулду
×