Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө апалардан түзүлгөн «Көл таңы» тобу айылдаштарына концерт тартуулашты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында апалардан түзүлгөн «Көл таңы» тобу уюштурулуп, алгачкы бет ачар концертин айылдаштарына тартуулашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Көл таңы» тобунда учурда 50 жаштан 70 жашка чейинки 9 апа бар. Топко, Чоң Сары-Ой айыл өкмөт жетекчилиги материалдык жактан колдоо көрсөтүп, атайын костюмдарды тиктиришкен.

Алгачкы концертинде топтогу апалар ырдап-бийлешип, комуз чертишип, айылдаштарына өзгөчө маанай тартуулашты. «Эми бул топ республикалык ар кандай сынактарга катышууга даярдык көрүп жатат», - деди топтун жетекчиси Ч.Мендешова.

«Көл таңы» тобунун курамы:

1. Айнагул Жанузакова, 67жашта

2. Роза Исаева, 66 жашта

3. Саткын Дүйшембиева, 67 жашта

4. Ширин Карабалаева, 67 жашта

5. Зинат Кадыркулова, 61 жашта

6. Мадера Садыкова, 59 жашта

7. Чолпон Мендешова, 58 жашта

8. Айшат Айбалиева, 53 жашта

9. Уулкан Кызарбаева, 65 жашта

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1608
Көп окулду
×