Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.01.2018 09:11 На русском

Видео, фото - Бостеридеги «Осьминог» рестораны өрттөнүп, жанындагы мейманканаларга жайылды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Осьминог» ресторанынан өрт чыкты, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, өрт 6-январдан 7-январга караган түнү чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн бир нече өрт өчүрүү бөлүм тартылды. Ресторанга атайлап өрт коюлушу мүмкүн деген маалыматтар айтылып жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, саат 04:30 чамасында жарылуу угулган.


Райондук ички иштер башкармалыгы кечээ, 7-январда саат 04:45те нөөмөт бөлүмүнө Бостери айылынын Борбор конушундагы «Осьминог» ресторанынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин ыкчам иликтөө тобу жана Бостери айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Көңүл ачуучу жай Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 1988-жылы туулган тургуну А.Инаятка таандык.

ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 8-январда билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүм тартылды. Өрт саат 06:50дө чектөөгө алынып, саат 10:48де толук өчүрүлдү. Анын кесепетинен «Осьминог» ресторанынын имараты толугу менен күйүп кетти.

Өрт жанындагы мейманканаларга жайылган.

- 3 кабаттуу «Гринхаус» конок үйүнүн (жалпы аянты 1500 чарчы метр) 750 чарчы метр аянты өрткө дуушар болуп, 9 желим терезе, 8 диван, 8 эшик, 8 даана керебет, палас жана башкалар күйгөн. Конок үйү Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну Т.Кайратка таандык;

- 2 кабаттуу «Саябан» мейманканасынын 90 чарчы метр чатыры, 6 даана желим терезе, 6 эшик, муздаткыч, сыналгы, шкаф, 2 даана керебет жана башкалар күйгөн. Мейманкана Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну У.Эрнатка таандык.

Адамдар жаракат алган жок. Учурда чыгымдын суммасы эсептелип, соттук, өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

2012-жылы Limon.kg басылмасы Бостери айылындагы «Осьминог» лаунж-барынын долбоорунун автору Саламат Үсөналиев экенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×