Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө согуштун ардагери Ж.Абдыканов 94 жашында көз жумду

Turmush -  Ысык-Көл облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун, Кыргыз Республикасынын ИИМнин ардагери, отставкадагы милициянын капитаны Абдыканов Жумакадыр Абдыканович 94 жашында көз жумду.

Жумакадыр Абдыканов 1923-жылы 10-мартта Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылында төрөлгөн. Ал 1942-жылы Советтик армияга чакырылып, биринчи Украина, Батыш, Сталинградда согушкан. Ардагер Александр Невский атындагы 161-атуу полкунун чалгындоо взводунун командиринин орун басары болгон.

Ж.Абдыканов согушту Латвиянын Рига шаарында жыйынтыктап, 1945-жылы 24-июнда Жеңиш парадына катышкан.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-yvfM9CQRCdpday

Ал согуш бүткөндөн кийин 1946-жылдын апрелинде кызматын Ысык-Көл РИИБдин айылдагы бөлүмүндө катардагы милиция кызматкери болуу менен уланткан. 1962-жылы Алмата шаарындагы атайын милиция мектебин бүтүрүп, Ысык-Көл районунун жана Пржевальск шаарынын (учурдагы Каракол шаары) ички иштер башкармалыгында эмгектенген. Ал 1975-жылы милициянын капитаны наамы менен ардактуу эс алууга чыккан.

Ж.Абдыканов Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөнү жана ички иштер органдарында кынтыксыз кызмат өтөгөнү үчүн «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «Эрдик үчүн», «Аскердик эмгеги үчүн», «Советтик милицияга 50 жыл», «Кынтыксыз кызматы үчүн» медалдары, ошондой эле көптөгөн ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Ал ардактуу эс алууга чыккандан кийин да тажрыйбасы менен бөлүшүп, коомдук иштерге активдүү катышкан.

ИИМдин, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги, КРдин ички иштер органдарынын ардагерлер кеңеши жана КРдин ички иштер органдарынын өздүк курамы Ж.Абдыкановдын жакындарына көңүл айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 475
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×