Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.01.2018 14:20

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк экономист Элдияр борбордон айылга качып келгендигинин себебин айтты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну Элдияр Абдыкеримов картошканын жаңы сортторун өстүрүп, тургундарды үрөн менен камсыздоодо. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти аяктагандан кийин экономика адистиги боюнча билим алган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин, туулган айылына кайтып келип, айыл чарбасы менен алектенет.

«Мен шаарда бир кеңседе отуруп, эч жерге чыкпай иштөөдөн качып, айылга келдим. Себеби, элетте адам эркин болот. Өзүн-өзү өстүрүүгө, ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө, тажрыйбасын жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр көп. Ар кандай иш-чараларга катышып, эл менен байланышып турам. Ошондой эле, элетте адам өзүнө өзү кожоюн болот», - дейт ал.

Э.Абдыкеримов 2010-жылдан тарта картошканын жаңы сортторун өстүрүп баштаганын белгиледи.

«Учурда картошканын желли, георгина, санте, импалла, конкордия, беллоароза сортторун өстүрүп жатам. Бул сорттор жаңы болгондуктан илдети, вирусу жок таза картошкалар. Алардын бир килограммын 40 сомдон сатабыз. Аны тургундар 3-4 жыл көбөйтүп, өстүрсө болот. Андан кийин жаңыртуу керек. Мен картошканын бир гектарынан 45-60 тоннага чейин түшүм алам. Максатым тургундарды таза, сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу жана таза органикалык картошканы алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо. Биз алыскы мамлекеттерге экспорттоо боюнча иш алып барышыбыз керек. Учурда биздин картошкалар Өзбекстанда өз ордун тапты. Эми алыскы мамлекеттерге жеткирүү керек. Ал үчүн таза органикалык продукт өндүрүү абзел. Эгер экспортко чыкпасак, анда картошка өстүрүү пайдасыз болуп калат», - дейт Элдияр.

Ошондой эле, ал сарымсактын үрөнүн Франциядан алдырып, таза табигый жол менен өстүрөт.

Элдияр Абдыкеримов 1987-жылы туулган. Төрт бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×