Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө ИИМдин каттоосунда турган эки адам кармалып, 2,7 кг марихуана жана октор алынды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда милициянын каттоосунда турган эки адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ИИМдин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бостери айылынын эки тургуну колго түшүрүлдү.

Санкциянын негизинде тинтүү жүргүзүү учурунда Бостери айылынын 26 жаштагы тургуну, мурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (каракчылык) менен соттолгон Ү.Бактыбектин үйүнөн мыйзамсыз сакталган марихуана табылган. Баңгизаттын салмагы 2 кг 700 гр түздү.

Ушул эле айылдын КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо) менен соттолуп келген тургуну М.Айдардын (27 жашта) үйүнөн мыйзамсыз сакталган автоматтын 11 огу табылып алынды.

Аныкталган эки факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-241-беренелери (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү жана ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иштери козголуп, кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 530
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×