Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө ишканалардын жетекчилерине аз камсыз балдарга жардам берүү милдети жүктөлдү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл райондук администрациясы «Менин кыялым» долбоорун ишке ашырууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Долбоордун алкагында социалдык жактан жардамга муктаж, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинен эрте ажыраган балдарга жардам берүү каралган. Аны ишке ашыруу үчүн райондук администрация бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине бирден балага жардам берүү милдетин жүктөдү.

Учурда ар бир мекеме-ишкананын жетекчиси жардамга муктаж балдарга жолугуп, аларга керектүү буюмдарды алып берүүдө. Мындан ары алар жардам берүүнү улантышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 580
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×