Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.01.2018 10:36

«Осьминог» ресторанынын өрттөнүшү: Шектүүлөр кармалып, жеке ишкер мамлекеттик коргоого алынды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылында «Осьминог» ресторанынын өрттөлүшү боюнча жеке ишкер мамлекеттик коргоого алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 7-январында белгисиз адамдар тарабынан «Осьминог» рестораны өрттөлгөн. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Мүлктү атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу. Аталган кылмыш ишти иликтөөнүн алкагында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, уюшкан кылмуштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Ысык-Көл облусунун 2 тургуну кармалган.

Шектүүлөр жашаган үйлөрдү санкциялык тинтүү учурунда баңгизат жана ок-дарылар табылган. Аныкталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 241-бернесинин (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Жакынкы күндөрү экспертизанын тыянагына ылайык аталган жарандарга айыптоо жарыяланат. Тиешелүү чараларды көрүү, тактап айтканда жеке ишкерди коргоо үчүн ИИМдин күбөлөрдү коргоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган жаранды мамлекеттик коргоого алуу чечими чыгарылды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Ички иштер министрлиги билдиргендей, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун коргоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Осьминог» рестораны толугу менен өрттөнүп кеткенин маалымдаган.

Райондук ички иштер башкармалыгы 7-январда нөөмөт бөлүмүнө Бостери айылынын Борбор конушундагы «Осьминог» ресторанынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген. Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин ыкчам иликтөө тобу жана Бостери айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Көңүл ачуучу жай Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 1988-жылы туулган тургуну А.Инаятка таандык.

ӨКМдин басма сөз кызматы 8-январда билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Өрт саат 06:50дө чектөөгө алынып, саат 10:48де толук өчүрүлдү. Анын кесепетинен «Осьминог» ресторанынын имараты толук күйүп кеткен.

Өрт жанындагы мейманканаларга жайылган.

- 3 кабаттуу «Гринхаус» конок үйүнүн (жалпы аянты 1500 чарчы метр) 750 чарчы метр аянты өрткө дуушар болуп, 9 желим терезе, 8 диван, 8 эшик, 8 даана керебет, палас жана башкалар күйгөн. Конок үйү Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну Т.Кайратка таандык;

- 2 кабаттуу «Саябан» мейманканасынын 90 чарчы метр чатыры, 6 даана желим терезе, 6 эшик, муздаткыч, сыналгы, шкаф, 2 даана керебет жана башкалар күйгөн. Мейманкана Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну У.Эрнатка таандык.

Адамдар жаракат алган жок. Учурда жалпы чыгымдын суммасы эсептелип жатат, соттук, өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

2012-жылы Limon.kg басылмасы Бостери айылындагы «Осьминог» лаунж-барынын долбоорунун автору Саламат Үсөналиев экенин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×