Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Ананьев айылындагы ооруканага 4 жаш дарыгер келди (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылындагы ооруканага 4 жаш дарыгер келип эмгектенүүдө. Бул тууралуу оорукананын башчысы Бердибай Малабеков билдирди.

Анын айтымында, жаш дарыгерлердин келиши жакшы жышаан.

«Мен 2017-жылдын сентябрь айынан баштап бул ооруканага башчы болуп келгем. Кесибим боюнча травматолог дарыгермин. Биздин оорукана жалпы дарыгерлик практика борбору деп аталат. Бизде терапия, хирургия, балдар, төрөт бөлүмү бар. Бул бөлүмдөргө кызмат кылыш үчүн атайын шаардан бир хирург, анестезиолог, терапевт жана неанатолог жаш дарыгерлер келди. Айыл жергесине жаш дарыгерлердин келиши жакшы жышаан. Мындан сырткары ашкана менен кир жуучу жайды оорукананын каражатына 820 миң сомго оңдоп жатабыз», - деди Б.Малабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 642
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×