Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Чок-Тал айылында кичи футбол аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында кичи футбол аянтчасы ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Айыл аймактын жетекчилиги жана айылдык кеңештин депутаттары былтыр аталган айыл аймакка кирген беш айылдын ар биринде кичи футбол аянтчасын куруу чечимин кабыл алышып, Чоң-Сары-Ой, Бает, Сары-Ой айылындагы кичи футбол аянчалары 2017-жылы бүткөрүлсө, жыл жаңырары менен Чок-Тал айылындагы жалпы суммасы 1 млн 400 миң сомду түзгөн кичи футбол аянтчасы салтанаттуу ачылды.

Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын башчысы Улан Абдыкалыковдун айтымында, эми Өрнөк айылында да кичи футбол аянтчасы ачылат.

«Учурда кичи футбол аянчалары бар айылдардын ар биринде жаш курагына жараша 3-4 команда уюштурулуп, алар райондук, облустук мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишүүдө», - деди У.Абдыкалыков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 670
Көп окулду
×