Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Карышкыр сезону: Ысык-Көлдүн тургундары 2 карышкырдын изине түшүп, бирин өлтүрүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-январда Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын тургундары карышкыр атып өлтүрүштү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, буга чейин айыл аймакта 36 кой жана 7 бодо малга карышкыр кол салган. Мындан улам зыян тарткан тургундар айыл аймактын жетекчилигине кайрылышып, алар ок-дарысын алып берген. 20 кишиден турган 2 топ да түзүлгөн. Алар 2 күндөн бери тоого мергенчиликке чыгып, ургаачы карышкырды атышты.

Айылдык кеңеш тарабынан карышкыр аткан Тамчы айыл аймагынын тургуну Толок уулу Султанга ыраазычылык баракчасы жана акчалай сыйлык тапшырылды. Карышкырлар айылга чейин кирип келип, малга кол салган фактылар Тамчы айылында катталган болчу.

Тамчы айылынын тургуну Бактыбек Исмаиловдун айтымында, жырткычтар жыл бою малга кол салып келишет.

«Бул жылы кыш түшкөндөн бери каркышкырлар айылдарга чейин кирип, мал-жандыкка кол сала баштады. Жаңы жыл алдында эле карышкырлар 5 уйга кол салышкан. Айыл тургундары айыл өкмөткө жана депутаттарга кайрылып, чара көрүүнү өтүнүшкөн. Ок-дарылар бөлүнүп берилген соң 20 адамдан турган топ түзүлгөн. Бүгүн эртең менен эки карышкырдын изине түшүп, бирин атууга үлгүрдүк. Экинчиси качып кетти», - деди ал.

Ал эми Толок уулу Султан мергенчиликке чыккан бардык жашоочуларга ыраазычылык билдирди.

«Февраль айында биз бийик тоолорго барып, профилактикалык иштерди жүргүзүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 773
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×