Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк апалар таштанды баштыктардан арылуунун жолун табышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы «Апалардан алтын сабак» жамааты баштыктардын (полиэтилен) ордуна кездемеден тигилген эко баштыктарды сунуштоодо, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Апалардан турган жамаат тиккен эко баштыктарды өздөрү көтөрүп баштаган соң айылдаштарында дагы суроо-талап жарала баштаган. Жамааттын негиздөөчүсү Рыскул Мамытованын айтымында, алар бул демилгени жаратылышты коргоо максатында көтөрүшкөн.

«Учурда целлофан баштыктар экологияга зыян келтирип, айлана-чөйрөнү эбегейсиз булгап жаткандыктан биз илгерки замандагыдай эле кездеме баштыктарды чыгаруу демилгесин көтөрдүк. Айыл эли аны толук колдоого алды. Учурда апалар элге үлгү болуп, бардык жерлерге эко баштыктарды көтөрүп барып жатабыз. Бул желим баштыктардан арылып, айлана-чөйрөнү таза кармоого болгон биздин бир аз салымыбыз», - деди Р.Мамытова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 851
×