Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Б.Жетыбаев таштак жерди малина талаасына айлантууда (фото)

Turmush -  Ысык-Кѳл облусунун Бостери айылынын тургуну Бакас Жетыбаев элеттеги бир гектар таштак жерди малина талаасына айлантууну пландоодо. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач ал таштак жерди таштан тазалап, малинанын 2,5 миң түп кѳчѳтүн отургузган.

«Малина 3 жылда түшүм берет. Быйыл буюрса 3 жыл болот. Биринчи түшүмүн күтүп жатабыз. Арасынан экинчи жылы бир аз мөмө байлаганы болду. Бостери айылындагы жерлер кум, таштак болгондуктан малина ѳстүргѳндѳр аз. Мен коңшу Григорьевка айылынын багбандары менен кеңешип, тажрыйба алмашып келем. Буюрса мал түшүм алып баштасак, аны экспортко чыгарууну пландап жатабыз», - дейт Б.Жетыбаев.

Ал малиналарды бат-баттан сугарып, сабактарын кесип, тамырын жылуу кармоо үчүн кык менен кѳмүп койгонун айтат.

«Көчөттөрдү баттан отоп туруу керек. Себеби, бат эле отоо чөп басып кетет. Учурда дагы кошумча 1,5 миң көчөт даярдап, жаз алды менен тиккени жатам. Аны өстүрүүдө эч кандай химиялык семирткичкерди колдонбойбуз. Мындан тышкары, ѳрүк, алмурут, алма өстүрүүнү пландап жатам», - дейт багбан.

Бакас Жетыбаев 1985-жылы Чолпон-Ата шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин инженер кесибине ээ болгон. Ал үй-бүлөлүү бир уул, бир кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1381
×