Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн түндүк жээгин калың муз каптады (видео, фото)

Turmush -  Ысык-Көлдүн түндүк жээгин — Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы аймагын муз каптады.

Каракол шаарынын тургуну Данияр Мукановдун айтымында, кышында жана жайында аталган айылдагы ысык булак зыяратчыларды кабыл алат. «Бул жерге дайыма келип турабыз. Көлдүн жээгине барып, абдан таң калдык. Эч качан тоңбогон көлдүн үстүн муз каптады. Анын жээгинде калың катмардагы муздар тоңуп турат», - деди ал.

Ошондой эле, ал бул көрүнүшкө жергиликтүү тургундар таң калып жатканын белгиледи. «Жергиликтүү тургундар мындай көрүнүш буга чейин болбогонун айтышты. Кышында көл мынчалык тоңгон эмес. Караколго кетип бара жатканда көлдүн жээгин калың катмардагы муз каптаганын көрдүк», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5160
Көп окулду
×