Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.02.2018 10:30

Ысык-Көлдө рейд учурунда балыктарын, торлорун сууга ыргытып качкан 2 браконьер кармалды (фото)

Turmush -  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Тоң жана Ысык-Көл райондук бөлүмдөрү браконьерликке каршы 3 айлыктын негизинде атайын рейд өткөрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мамэкотехинспекциянын райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Жолдошбаевдин айтымында, рейд Чолпон-Ата шаарында башталып, Балыкчы шаарына чейин уланды.

«Рейд учурунда алгач Чоң-Сары-Ой айылында көл үстүнөн эки браконьерди көрдүк. Алардын жанына баргыча балыктарын жана торлорун сууга ыргытып, өздөрү качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Эки браконьер Тору-Айгыр айылынан кармалып, алардан эски кайык, 7 балык 5 тору менен алынып, мыйзам чегинде документтер толтурулду», - деди ал.

Ал белгилегендей, мындай рейддер тез-тезден өткөрүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×