Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.02.2018 18:55 На русском

Ысык-Көлдөгү унаа кырсыктан 4 жигит жаракат алды

Turmush -  5-февралда Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында болгон унаа кырсыктын чоо-жайы белгилүү болду.

Милициянын маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаарынын 1977-жылы туулган тургуну Ш.Мирлан Бишкек—Каракол жолунда «Хонда Одиссей» унаасын айдап бара жатып, Түп районунун Михайловка айылынын 1997-жылы туулган тургуну Д.Акжолтой айдап бара жаткан «Мицубиси Галант» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Кырысктан 2 айдоочу тең жана «Мицубиси Галанттын» жүргүнчүсү — Михайловка айылынын 1989-жылы туулган тургуну У.Эркин менен Кемин районунун Алмалуу айылынын 1993-жылы туулган тургуну А.Нурлан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Turmush басылмасы алдын ала алынган маалыматтарга шилтеме берүү менен аталган кырсыктан 7 адам жабыр тарткандыгын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×