Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө «Көл толкуну» адабий чыгармачылык клубунун мүчөлөрү балдар менен жолугушту (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы «Көл толкуну» адабий чыгармачылык клубунун мүчөлөрү «SOS-балдар айылы» фондундагы балдар менен жолугушту, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Адабий клубдун мүчөлөрү жолугушуу кечесинде өздөрү жазган жана белгилүү акындардын ырларын окушуп, ыр жазууга кызыккан балдар менен маектешип, соңунда аларга түрдүү китептерди белекке беришти.

«Көл толкуну» адабий-чыгармачылык клубу 2017-жылдын октябрь айында түптөлүп, ага жалпы Ысык-Көл районунан 30дан ашуун чыгармачыл адам мүчө болгон. Алар айына бир жолу өспүрүмдөр менен жолугуп, чыгармачыл кече уюштуруп келишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 580
×