Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө коттедж өрттөнүп, кароолчу көз жумду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагындагы Булан-Сөгөтү айылында жайгашкан коттедж өрттөндү. ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт 10-февралда саат 18:35 чамасында чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен кароолчу — 1977-жылы туулган А.В. (эркек киши) көз жумду.

Толугу менен өрттөнгөн коттедж «Фламинго» ЖЧКнын пансионатынын короосунда жайгашкан.

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жөнөтүлүп, саат 20:25 чамасында чектөөгө алынып, саат 23:20да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 120 чарчы метр аянт өрттөндү. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 751
×