Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.02.2018 11:00 На русском

Ысык-Көлдө дагы бир коттедж өрттөндү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан «Аврора» пансионатындагы коттедж өрттөндү. Өрт бүгүн, 13-февралда саат 08:45 чамасында чыккан.

Айтылган дарекке 2 бөлүм жөнөтүлүп, саат 09:21де өрт чектөөгө алынган. Саат 09:45те өрт толук өчүрүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жабыркаган жок. Өрткө электр зымдарын туташтырууда коопсуздук эрежелердин бузулушу себеп болгон.

Ысык-Көлдүн аймагында акыркы жумада бир нече коттеджде өрт чыкканы маалымдалды. 10-февралда саат 14:25 чамасында Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында «Кыргызавтомаш» пансионатына тиешелүү коттедж толугу менен күйүп кеткен болчу.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин №32 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, саат 20:30да толугу менен өчүрүлдү. Коттедждин жалпы 210 чарчы метри күйгөн. Учурда өрттүн себептери такталып жатат.
Ошондой эле, «Фламинго» ЖЧКнын пансионатынын короосунда жайгашкан коттедж өрттөнүп, анын кесепетинен кароолчу — 1977-жылы туулган А.В. (эркек киши) көз жумду. ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт 10-февралда саат 18:35 чамасында чыккан.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жөнөтүлүп, саат 20:25 чамасында чектөөгө алынып, саат 23:20да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 120 чарчы метр аянт өрттөндү. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×