Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.03.2018 16:23

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Т.Айткулуев Нарын, Талас, Жамбыл шаарларын көчөт менен камсыздайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айылынын тургуну Талгат Айткулуев 20 жылдан ашык убакыттан бери көчөт өстүрүп, сатуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал СССР тараганга чейин мугалимдик кесипти аркалап, кийин жер иштетүү менен алектене баштаган. Чырпыкты айылында абрикостун көчөттөрүн өстүргөн. Андан кийин Чүй облусунун аймагындагы Көк-Жар, Кой-Таш аймагынан ижарага жер алып, алма, алча, жүзүм, шабдаалы өстүрө баштаган. Жылына 1500 дөн ашык көчөт сатат.

«Көчөттөрдү сатып алган туруктуу кардарларым бар. Алар Нарын, Талас, Жамбыл шаарларынан келгендер бар, бир көчөт 150 сомго бааланат. Ошондой эле, багбанчылык, бак бутоо, дарылоо боюнча кеңеш сурап кайрылгандар бар. Кээ бир адамдар алма-бакты дарылап берүүнү өтүнүшөт. Мындай учурда аткарылган ишке жараша акы төлөшөт», - деди ал.

Багбандын жубайы Гүлүшкан айымдын айтымында, жолдошу эмгекти сүйгөн адам.

«Жолдошум иш десе, жеген ашын кое калган адам. Жер иштетип, бизди багып, аны менен бирге сезон маалында элди да кошумча иш менен камсыз кылат. Эртеден кечке тынымы жок эмгектенет», - дейт ал.

Жубайлар 3 баланы тарбиялашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×