Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн Кашат айылынын жаштары жакыр жашаган жалгыз бой энеге үй куруп башташты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кашат айылынын жаштары аз камсыз болгон үй-бүлөгө үй куруп башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айыл жаштары 2 баласын жалгыз баккан 33 жаштагы Атыркүл Султановага турак үй белек кылуу чечимин кабыл алышкан. Алардын мындай демилгесин айыл өкмөт да колдоого алган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда ашар жолу менен үйдүн пайдубалы көтөрүлдү. Мындан аркы курулуш иштерине айылдагы жаштар акча чогултушкан. Ал эми айыл өкмөтү бузулуп жаткан эски мектептен чыккан кызыл кышты курулушка берет.

Жаштар турак үйдүн курулушун күз мезгилине чейин бүтүрүүнү пландашууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3014
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×