Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.04.2018 17:50

Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы тез жардам унаасы алынды

Turmush -  Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы тез жардам унаасы тапшырылды.

Борбордун директору Бубайым Жээнбаеванын айтымында, былтыр жол кырсыгына кабылган тез жардам унаасы жараксыз абалга келип калгандыктан алар бир нече коомдук фондго кайрылышкан.

Кайрымдуулук фонддун бири алардын өтүнүчү боюнча Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасын сатып берип, аны салтанатуу тапшырды. Аталган кайрымдуулук фонд буга чейин да Саламаттыкты сактоо министирлигинин өтүнүчү менен 3 тез жардам унаасын алып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×