Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Ысык-Көл районунда кыз үчүн мушташкан 2 жигиттин бири каза болду

Turmush -  Ысык-Көл районунда эки жигит мушташып, бири каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына жеке булактар билдиришти.

Болжолдуу маалыматка караганда, 29-апрелден 30-апрелге караган түнү саат 01:00дөр чамасында Кара-Ой айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу (ал 9-классты аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы техникумдардын биринде окуп жаткан, айылга убактылуу келген) Бактуу-Долоноту айылындагы өзүнүн таанышына «разборка» үчүн келген.

Жигиттер ат майдандын жанында жайгашкан ден соолукту чыңдоочу комлекстин имараты жанында сүйлөшүп башташкан. Алардын ортосундагы чырдын бирден бир себеби кыз болгон. Кайым айтышуу мушташууга өткөн. Жыйынтыгында Кара-Ой айылынын тургуну техникумдун окуучусун соккондо, ал эс-учун жоготуп кулаган. Муштаган жигит коркуп кетип, аны Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага алып келген. Жабыркаган жигит эсине келбей каза болгон, учурда анын денеси өлүкканада. Болжолдуу маалымат боюнча аны сабаган Кара-Ой айылынын тургуну да ооруканада жатат.

Аталган факт боюнча Ысык-Көлдүн милициясы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Кийинчерээк, Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Бактуу-Долоноту айылынын 17 жаштагы тургуну мушташтан улам каза болгонун тастыктады.

Анын айтымында, каза болгон жигит менен Кара-Ой айылынын 17 жаштагы тургуну кыз талашып жекеме жеке мушташкан. Мушташта Бактуу-Долоноту айылынын тургуну талылуу жерге сокку жеп, ооруканага жеткирилген. Ооруканага алып барышканда ал каза болгон.

«Учурда мушташка катышкан экинчи жигит Ысык-Көл РИИБге алынып келинди. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, иш тергелип жатат», - деди басма сөз катчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7633
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×