Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көл РИИБдин прапорщиги А.Өмүрчиев өлкө боюнча мыкты кызматкер деп табылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасынын айдоочусу, милициянын прапорщиги Аскарбек Өмүрчиев республика боюнча эң мыкты кызматкер деп табылды. Мындай баа ИИМдин коомдук кеңешинин көчмө жыйынында берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, «КРнын ИИМдин негизги иши — социалдык кызматташтык» деген аталыштагы бул жыйында көчмө кабылдамалар боюнча долбоорду улантуу маселеси каралды. Анда А.Өмүрчиевдин эмгеги бааланып, ага ИИМдин коомдук кеңешинин ардак грамотасы тапшырылды. Мындан сырткары, коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук секторлорундагы аялдардын кыргыз ассоциациясы «Жаңыл Мырза» төш бергиси менен сыйлаган.

Аскарбек Өмүрчиев күн сайын атайын түзүлгөн график боюнча көчмө кабылдаманы айдап алып, элдин суроо-талабы боюнча иштейт. Анын карамагында бир шаар, 30 айыл бар. Анда 91156 калк жашайт.

Учурда Кыргызстанда 20 көчмө кабылдама шаар жана айылдарды кыдырып, элдин суроо-талаптарын кабыл алат. Унаалар ЕККУ тарабынан берилип, атайын жабдыктар менен жабдылган жана күйүүчү май менен камсыз болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 637
Көп окулду
×