Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.05.2018 11:17

Президент С.Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көлгө барды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сапардын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулар, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен таанышуу болжолдонууда.

КРнын президентинин кызматына киришкенден бери Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапар менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×