Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

С.Жээнбеков Ысык-Көлдүн эли менен жолугушууда өзүнүн негизги милдеттери тууралуу айтып берди

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусундагы эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда мамлекет башчысы өзүнүн президенттик ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде тышкы саясат туурасында айтып берди.

«Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» деп элибизде бекеринен айтылбайт. Президенттик кызматка киришээр замат коңшу мамлекеттер менен мамилелерди бекемдөөгө көп көңүл бурдум. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, алгачкы сапарымды Россиядан баштадым. Россия жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен кызматташуу тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт болуп саналат», - деди президент.

Мамлекет башчысы коңшулар менен мамилени бекемдөө максатында Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жасаган сапарлары, Түркияга жана Европа союзунун институттарына жасаган сапарлары, жакын арада болжолдонуп жаткан Кытайга сапары туурасында айтып берди. Мындан тышкары, президент 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыктын максатына жана милдеттерине токтолду.

«Президент катары менин негизги милдетим – мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин жашоосун жакшыртуу», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысынын айтымында, жарлыктын артыкчылыктуу багыттары – калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өнүктүрүү, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, миграцияны кыскартуу.

«Биздин экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарыбыз тышкы рыноктордо абдан бааланат. Биз продукцияларыбызды тышкы рыноктордун талабына ылайык кайра иштетишибиз зарыл. Фермерлерибиздин бир дагы айыл чарба продукциясы иштетилбей калбашы керек», - деп белгиледи президент.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 753
Көп окулду
×