Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.05.2018 13:08

Президент элди Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого чакырды: «Бул бизнес же акча табуунун гана объектиси эмес»

Turmush -  «Ысык-Көл – бул бизнес же акча табуунун гана объектиси эмес. Эң оболу ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети, баарыбыз аны сакташыбыз керек!», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушуусунда.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өлкө башчы жарандык активисттер жана ыктыярчылар Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо иштерине активдүү катышып жатканын белгиледи.

«Мен Ысык-Көлүбүзгө аяр мамиле жасоого, экологиясын сактоого өзгөчө көңүл бурууга баарыңыздарды чакырып кетет элем! Ооба, туризм тармагында жергиликтүү эл нанын таап, оокатын кылып жатат. Бирок Ысык-Көл эң оболу бизнес же акча табуунун объектиси эмес, ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети экенин унутпашыбыз керек! Ошондуктан, эң биринчи кезекте жергиликтүү эл, андан кийин туристтер – бардыгыбыз Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кайдыгер карабай, аны сактоого болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек!», - деп белгиледи мамлекет башчы.

Муну менен бирге президент Сооронбай Жээнбеков туризмди өнүктүрүү тармагында инфраструктураны өнүктүрүүнүн, жолдорду куруунун, сервис жана тейлөөнү жакшыртуунун маанисин дагы белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×