Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө кыз үчүн мушташта 17 жаштагы жигит каза болгон окуянын чоо-жайы аныкталды

Turmush -  Ысык-Көл районунда Бактуу-Долоноту айылынын 17 жаштагы тургуну А.Аманбектин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө. Маалым болгондой, шектүү катары К.Бектенов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу — Кара-Ой айылынын 2001-жылы туулган тургуну Ж.Алимжан камакка алынган.

Turmush басылмасынын кабарчысы бул жаңжалдын чоо-жайын аныктады. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургун Асел [аты өзгөртүлдү] Алимжан менен сүйлөшүп жүргөнү маалым болгон. Алимжан Аселдин Аманбек менен түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасынан көргөн. Ошол күнү Алимжан жолугушуу үчүн Бишкек шаарынан келген деп болжолдонууда.

Өз кезегинде Бактуу-Долоноту айылынын тургундары Алимжан Аманбекти өлтүрө ура албайт болчу деп айтышууда. Себеби, каза болгон жигит спорттук дене түзүлүштө болчу жана аны менен Алимжан жалгыз мушташа албайт эле.

А.Аманбектин бир туугандары жана айылдаштары жигиттин каза болушуна такыр башка адамдар күнөөлүү деп эсептешет. Алар Аманбектин өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоо талабы менен Чолпон-Ата шаардык ИИБге дагы барышкан.

Ошол күнү Аманбек менен Алимжандын жанында болгон классташтары алар жөн гана урушуп кеткендигин жана муташуу болбогондугун айтышууда.

Бул жаңжалдын дагы бир версиясы — Алимжандын ордуна Аманбек менен башка бала [Алимжандын айылдашы] мушташкан, андан кийин алар бири-бири менен кол алышып, тарап кетели деп жатышкан.

Мындан тышкары, жаңжал болгон жерге ичинде 3-4 жигит бар «Нива» үлгүсүндөгү унаа келгендиги да айтылууда. Аларды көргөн Алимжан менен Аманбектин классташтары аларды милиция кызматкерлери деп ойлоп, качып кетишкен. Унаа келгенден кийин эмне болгондугу белгисиз. Алар Аманбек менен Алимжанды оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө алып келишип, өздөрүн айыл тургундары деп тааныштырышкан. Андан кийин белгисиз тарапка кетишкен.

Соттук-медициналык экспертизанын болжолдуу жыйынтыгында Аманбек муунтулуп каза болгон деп көрсөтүлгөн.

Ал эми жаңжалдын себеби болгон кыз улуу эжеси менен жашагандыгы, ата-энеси мурун эле каза болгондугу маалым болгон. Аманбек каза болгондон кийин ал анын уюлдук телефонуна бир нече жолу чалган. Телефонго жооп берген Аманбектин агасы кыз окуя тууралуу билбегендигин айткан. Ал аны жолугушууга чакырган, кыз макул болгону менен кийин окуя тууралуу угуп, жолугушуудан баш тарткан. Кыз Алимжан менен көптөн бери сүйлөшпөй калгандыгын да айткан.

Буга чейин Ысык-Көл районунда эки жигит кыз талашып мушташып, бири каза болгондугу маалымдалган.

Болжолдуу маалыматка караганда, 29-апрелден 30-апрелге караган түнү саат 01:00 чамасында Кара-Ой айылында жашаган 11-класстын окуучусу (ал 9-классты аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы техникумдардын биринде окуп жаткан, айылга убактылуу келген) Бактуу-Долоноту айылындагы өзүнүн таанышына «разборка» үчүн келген.

Жигиттер ат майдандын жанында жайгашкан ден соолукту чыңдоочу комлекстин имаратынын жанында сүйлөшүп башташкан. Алардын ортосундагы чырдын себеби кызга байланыштуу болгон. Кайым айтышуу мушташууга өтүп, Кара-Ой айылынын тургуну техникумдун окуучусун соккондо, ал эс-учун жоготуп кулаган. Муштаган жигит коркуп кетип, аны Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага алып келген. Жабыркаган жигит эсине келбей каза болгон. Болжолдуу маалымат боюнча аны сабаган Кара-Ой айылынын тургуну да ооруканада жатат.

Аталган факт боюнча Ысык-Көлдүн милициясы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Кийинчерээк, Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Бактуу-Долоноту айылынын 17 жаштагы тургуну мушташтан улам каза болгонун тастыктады.

Анын айтымында, каза болгон жигит менен Кара-Ой айылынын 17 жаштагы тургуну кыз талашып мушташкан. Мушташта Бактуу-Долоноту айылынын тургуну талылуу жерге сокку жеп, ооруканага жеткирилген. Ооруканага алып барышканда ал каза болгон.

«Учурда мушташка катышкан экинчи жигит Ысык-Көл РИИБге алынып келди. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, иш тергелип жатат», - деди басма сөз катчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2227
Көп окулду
×