Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.05.2018 18:05

Президент: Коррупция менен күрөшүүдө бир тууганбы, доспу — эч нерсеге карабайм

Turmush -  «Мамлекеттик системада коррупцияга каршы күрөш күчөйт», - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекет башчысы коррупция менен күрөшүү президенттик ишиндеги эң артыкчылыктуу багыт бойдон кала турганын белгиледи.

«Эл башкарам дегендер эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек. Антпесе коррупцияны жеңүү татаал болот. Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында да коррупцияга каршы күрөш токтобойт, күчөйт. Бардык бийлик бутактарында күчөйт, өзгөчө элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик структураларда», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал бул ишти сөзсүз аягына чыгара турганын белгиледи.

«Азыр мына процесс кетти — мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу — эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет, антпесе коррупцияны жеңе албайбыз», - деди президент.

Ал Кытайдын тарыхындагы бир окуяны мисалга келтирди. Анда кытайлык эл башкарган адам өлкөдө кеңири тараган уурулукту кантип жоюунун айласын таппай, даанышман Конфуцийден акыл сураса, ал: «Сен өзүңдөн баштап, напсиңди тыйсаң, башкалар да уурдаганды коёт» деген экен.

«Ушул жерде бүт облус жетекчилери, райондун мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөттөрү отурасыздар. Коррупция менен күрөшүү үчүн президент эмне кылат деп карап отурбастан, мына мен өзүмдөн баштайын, үч бийлик бутагынын жетекчилери өзүнөн баштасын, бардык жетекчилер — чоң жетекчисиңби, кичине жетекчисиңби напсини тыйып, өзүбүздөн баштасак, коррупция өзү эле токтойт. Мен ошондой эле кыргызстандыктарга кайрылам – президент жалгыз коррупция менен күрөшө албайт, аны менен күрөшүү жалпы улуттук болушу керек, биргеликте гана аны жеңе алабыз», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал жакын арада граждандык коом менен жолугушуусу күтүлүп жатканын жана алар менен коррупцияга каршы күрөшүү маселелери жана негизги багыттары талкуулана турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×