Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.05.2018 15:48

Ысык-Көл районунда 14 улуттун өкүлдөрү футболдук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районуна караштуу Ананьев айыл аймагында жарандык интеграцияны өнүктүрүү, элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган «Ынтымак кубогу» деп аталган футболдук мелдеш өткөрүлдү.

Маалым болгондой, иш-чарага айыл аймактагы 14 улуттардын өкүлдөрүнөн командалар түзүлүп, жалпы 6 команда катышты. Жеӊүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана белектер менен сыйланышты.

Кубок Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргызстан элинин ассамблеясы, Улуттук кызыл ай коому тарабынан уюштурулган. Мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылына арналды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×