Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.05.2018 18:05

Ысык-Көл районунда согуштун 7 ардагерине материалдык жардам берилди (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 7 ардагерине материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ысык-Көл райондук администрациясынын жетекчилиги менен райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү биргеликте бүгүн, 7-майда согуштун ардагерлеринин үйлөрүнө барышып, майрамдык белектерин тапшырышты. Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата райондогу ардагерлерге 3 миң сомдон жардам берилди.

Ысык-Көл району боюнча учурда согуштун 7 жана ооруктун 72 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×