Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

«Аврора» пансионатындагы 27 адамдын ууланышы: Чет элдик спортчулар кандай тамактарды жешкен?

Turmush -  Ысык-Көлдөгү «Аврора» пансионатында тамак-ашка уулангандардын саны 27 адамга жетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө түшкөндөрдүн саны 17 адамга жетти. Алардын ичинен 10 адам санаторийдин кызматкерлери болсо, 7 адам чет элдик спортчулар болгон.

Мындан тышкары 10 адам медициналык пунктта амбулатордук пунктта дарыланууда. Алардын ичинен алтоосу чет элдик спортчулар болсо, төртөө санаторийдин кызматкерлери. Абалдары канааттандырарлык, оор абалдагы бейтаптар жок.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 6-майда 171 адам тамактанган меню такталды. Ага салаттар («Вегетарианский-Шведский», «Сюрприз», «Запеканка картофельная», кавказ салаты) чечевицадан шорпо-пюре, компот кирген.

Залдын жетекчисинин айтымында, картошкадан жасалган 30 порция тамак түшкү тамактануудан кийин кечкиге калып калган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучуларга «тамак-аш токсикоинфекциясы» диагнозу коюлган. Бүгүн, 8-майда Чолпон-Атадагы ооруканадан чет элдик 7 адам чыгарылды. «Авроранын» стационардык санаториясында абалдары канааттандырарлык болгон 6 адам дарыланып жатат.

«Аврора» пансионатынын директору Максатбек Шабданбаев тамактардын менюсу күн сайын бекитилерде биринчи директорго көрсөтүлө тургандыгын айтты.

«Түзүлгөн меню директор тарабынан бекитилет. Тандоо болушу үчүн биринчисине жана экинчисине 2 тамак болот. Дайыма эс алуучулардын жана спортчулардын каалоосу эске алынат. Спортчулардын менюсу алар келгенге чейин эле уюштуруучулар менен талкууланган», - деди ал.

Азыр Бириккен Араб Эмираттарынан келген 2 спортчу пансионтта дарыланып жатат. Калган спортчулар азыр таймаштарга даярданууда. Айрымдары бүгүн спорттук мелдештин ачылышына катышты.

Окуя тууралуу:

7-майга караган түнү Чолпон-Ата шаардык ооруканасына тамак-аштан уулануу белгиси менен чет өлкөлүк 7 адам кайрылганы маалымдалган.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Бириккен Араб Эмираты менен Ирандан келген кикбоксчулар өздөрүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. 11-12-майда Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда өтө турган кикбоксинг боюнча эл аралык мелдешке чет өлкөлүк 200гө жакын спортчулар келишкен. Алар «Аврора» пансионатына жайгаштырылган болчу.

«Буга чейин түзүлгөн келишимдин негизинде чет өлкөлүк спортчулар биздин пансионатка жайгаштырылган. Түн ичинде алардын ичинен бир нече адам өзүн жаман сезип, ооруканага алып бардык. Бирок орун жок болгондуктан кайрадан пансионатка келгенбиз. Аларды эртең менен кайрадан ооруканага жеткирип, учурда дарыгерлерден керектүү жардам алып жатышат», - деген «Аврора» пансионатынын өкүлү Азамат Токтосопиев.

Ооруканада арабиялык 6 спортчу, ирандык 4 адам дарыланып жаткан болчу.

«Ооруканадагы коноктор кечээ күндүз пансионаттын аймагынан сыртка чыгып, Бостери айылындагы көргөзмөгө күбө болуп, ошол жерде тамактанышкан. Алардын тамак-ашы көзөмөлгө алынып тургандыктан пансионаттан көп тамактанышкан эмес. Учурда тиешелүү органдар уулануунун себептерин тактап жатышат. Ошондой эле биз дагы кызматкерлерибиздин уулануусуна эмне себеп болгонун тактайбыз», - деген Токтосопиев.

Андан кийин:

8-майга карата «Аврора» пансионатында тамак-ашка уулануунун белгилери менен Чолпон-Ата аймактык ооруканасына кайрылгандардын саны 18 адамга жеткендиги кабарланган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 7-майда 13 адам, 8-майга караган түнү 3 адам, ошондой эле дагы 3 адам 8-майда эртең менен ооруканага кайрылышкан. Бейтаптардын абалы туруктуу жана канааттандырарлык деп бааланып жаткан. 18 адамдын ичинен жетөө чет өлкөлүк жарандар болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1061
Көп окулду
×