Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.05.2018 15:38

Чоң-Сары-Ой айылындагы шайыр апалар республикалык фестивалда баш байгени алышты

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагындагы апалардын «Көл ажары» этно тобу республикалык «Шайыр апалар» телефестивалында баш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестиваль Аймактарды өнүктүрүү жылына арналып, ага аймактардан тандалган шайыр апалардын тобу катышкан.

«Көл ажары» тобунун өзгөчө даярдыктарын эске алган калыстар тобу аларды жеңүүчү деп таап, 100 миң сомдук сертификат жана «фестивалдын лауреаты» деген белги тапшырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×