Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.05.2018 12:08

Ысык-Көлдөгү митинг: Жолчулар түнү менен убадаланган айлыктарын күтүштү (фото, видео)

Turmush -  Кечээ, 11-майда нааразычылык акциясына чыгышкан Балыкчы—Тамчы—Корумду жолун куруп жаткан жолчулар түнү менен тарабай, айлык маяналарын күтүп отурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Митингге чыккан жолчулардын айтымында, аларга жолукканы келген жетекчилер маяналарын толук төлөп беришерин убадалашкан. Бирок, кийинчерээк аларга март айына чейинки маяналар төлөнөрүн айтышкан. Мындай жагдайга айрым жолчулар нааразы болушуп, түнү менен акцияны улантышты.

Буга чейин Балыкчы—Тамчы—Корумду жолун куруп жаткан жолчулар 6 айдан бери айлык маяна албагандыктан нааразычылык акциясына чыгышкандыгы маалымдалган.

Райондун акими Д.Иманалиев билдиргендей, жолчулар боз үй тигип, маянаны төлөп берүүнү талап кылышкан.

«Райондук администрациянын өкүлдөрү болуп жолчулар менен жолуктук. Анда жолчулар 5-6 айдан бери айлык маяна албай иштеп жатышканын, ошондуктан митингге чыгышканын айтышты. Учурда биз Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрүн күтүп жатабыз. Ошондой эле жакында министрликтен каражат алып, бирок жолду куруп жаткан адамдарга айлык төлөбөй келген «Лонг Хай» компаниясынын өкүлдөрүн күтүп жатабыз. Жолчулар көйгөйлөрүн айтышып, аны тез арада чечип берүүнү өтүнүп жатышат», - деп билдирген район акими Д.Иманалиев.

Нааразычылык акциясына Балыкчы—Тамчы—Корумду жолун курууга катышкан 100дөн ашык адам чогулган.

Митинг өтүп жаткан жерге «Лонг Хай» компаниясынын өкүлдөрү келип, жол куруучулардын айлык маянасын бөлүп төлөп бере турушканын билдиришти. Бирок бул билдирүүгө жумушчулар макул болгон жок.

«Биз буга макул эмеспиз. Биздин арабызда айлык маянаны бир жылдан бери көрбөгөндөр бар. Үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Көбүнүн насыясы бар, биз айлык алганча алар күтпөйт. Эмгегибиз менен иштеп тапкан акчабызды төлөп беришсин», - деди митингге чыккандардын бири Азамат Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×