Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ысык-Көл

Григорьев айылынын эли Каракол—Чолпон-Ата—Бишкек жолун эмнеге тоскондугун милиция түшүндүрдү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Григорьев айылынын эли Каракол—Чолпон-Ата—Бишкек унаа жолун убактылуу тосууга мал уурдоо боюнча соттолгон адамдын баласы менен жергиликтүү балдардын ортосундагы чыр-чатак себеп болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 17-августунда Ысык-Көл районунун Темир айылынын 1959-жылы туулган тургуну А.Токтокан милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын музоосун уурдап кеткендигин билдирген. Өзүнүн арызында ал 2017-жылдын 10-майынан 11-майына караган түнү сарайындагы музоону уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык зыяндын суммасы 15 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча 2017-жылдын 17-августунда Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 3-пунктунун 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары ушул айылдын тургундары Э.А, Т. уулу Э., жана М.Ж. кармалышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө жабыр тартуучу А.Токтокан жана дагы бир нече айыл тургундары Ысык-Көл РИИБдин жетекчисине арыз менен кайрылышып, алар шектүүлөр менен сүйлөшүп, материалдык зыян калыбына келтирилгендигин айтышкан. Буга байланыштуу алар шектүүлөрдү жазалоону жумшартууну өтүнүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабыр тартуучунун арызына байланыштуу кээ бир эпизоддор боюнча кылмыш иши токтотулган.

Ысык-Көл райондук соту бул иш боюнча 2017-жылдын 16-ноябрында чечим чыгарып, Э.А., жана Т. уулу Э. аттуу шектүүлөрдү 6 жылга эркинен ажыраткан. Жабырлануучу тарапка материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилген.

«Ушул жылдын 14-майында буга чейин соттолгон М.Ж.нын 1995-жылы туулган баласы менен анын курдаш айылдаштарынын ортосунда чыр чыгып, ал мушташууга айланган. 15-майда эртең менен М.Ж.нын уулу апасы менен милицияга келип, аны сабап салышкандыгын айтып, арыз жазган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундар М.Ж.нын баласы арыз жазгандыгына нааразы болушкан. Ошондуктан алар Каракол—Чолпон-Ата—Бишкек унаа жолун тосушкан. Милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тургундар жолду ачышып, кыймыл калыбына келтирилди», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Жергиликтүү тургундар унаа жолду болжол менен 20-25 мүнөт тосушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1053
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×