Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.05.2018 14:27

Ысык-Көлдүн Өрүктү айылындагы мектептин ашканасы 1,2 млн сомго оңдолот

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрүктү айылындагы мектептин ашканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук каржы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Өрүктү айыл аймагынын Чоң-Өрүктү айылындагы Акун Мыктыбеков атындагы орто мектебинин ашканасы республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен жаңыртылат. Ашкананы оңдоп-түзөө боюнча долбоордун жалпы баасы 1 млн 236 миң 556 сомду түзөт. Ал эми айыл өкмөттүн өздүк салымы 185 миң 483 сомго жеткен.

Чоң-Өрүктүдөгү орто мектептин ашканасын оңдоп-түзөө кенже класстагы 1-4-класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоого шарт түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×