Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.05.2018 16:52

Энелер күнү: 47 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнаган С.Олжобаева 9 баланы өстүрдү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылынын 74 жаштагы тургуну Сагынбүбү Олжобаева 47 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнап жана 9 баланы тарбиялады. Turmush басылмасынын кабарчысы мугалимден кабар алды.

С.Олжобаева Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында төрөлүп өскөн.

«Мектепти аяктап жатканда бүтүрүүчү кыздардын көбү педагог болууну кыялданчу. Мен да мугалим болууну кыялданып, аны ишке ашырдым. Мектепти окуп бүтүргөндөн кийин өзүм каалаган кесип боюнча билим алдым. Окуу жайды артыкчылык диплом менен бүтүрүп, ысык-көлдүк жигитке турмушка чыктым. Ата-энем "кыздын барар жери күйөө" деп каршы болушкан жок. Алардын макулдугу менен балдарымдын атасы Асанкан Акматбековго турмушка чыктым», - деди ал.

Сагынбүбү апа турмушка чыккандан кийин Сары-Ой айылындагы орто мектепте иштеп, 50 жылга жакын өмүрүн окуучуларга билим берүүгө арнаган.

«Өзүм да, жолдошум да педагог. Ал тарых сабагынан берип, мектепте 40 жыл иштеп, учурда чоң кызматтарда иштеп жаткан балдарга тарбия берди. Алардын айрымдары чет мамлекеттерде өзүн көрсөтүүгө жетишти. Мен да 47 жыл башталгыч класстагы окуучуларга билим бердим. Эгер пайдубал бекем болсо, үй да көпкө турат. Балдар үчүн да алгачкы билим алардын окуусундагы эң маанилүү бөлүк. Ошондуктан окуучуларга көбүрөөк билим берүүгө болгон күчүмдү жумшадым. Менин эмгегим текке кеткен жок деп ойлойм. Азыр үйгө окуучуларым келип, ийгиликтери менен бөлүшөт. Бул менин кесибим үчүн эң чоң сыйлык болушу керек», - деди мугалим.

Учурда мугалим ардактуу эс алууга чыгып, 22 небересине тарбия берип жатат. Ал неберелеринин үй тапшырмаларын өзү көзөмөлдөп, аларга жардам берет.

«Педагогикалык тажрыйбага ээ болгондуктан балдар менен мен алектенем. Кесибим бүгүнкү күнгө чейин неберелерим менен үй тапшырмаларды аткарып жатканда жардам берет. Аларды көп окууга, жоопкерчиликке, тактыкка үйрөтөм», - деди ал.

Сагынбүбү апа 5 уул жана 4 кызды өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×